• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Бишкекте үч кабаттуу имарат мамлекетке кайтарылды – УКМК

Укук тартиби 0


Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Бишкекте үч кабаттуу имарат мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекетке кайтаруу жана УКТнын ишин каржылоого каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө мурдагы "Октябрдын 40 жылдыгы" Бишкек тигүү фабрикасынан мамлекеттик менчиктин айрым объекттерин аффилирленген жактар тарабынан К.Асанбектин пайдасына улуттук мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен чыгаруу фактысын аныктады.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2004-жылы аталган ишкананын балансынан ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам жол – жоболорун бузуу менен жалпы аянты 13 000 чарчы метр болгон ири өнөр жай объекттери "Рос-Трейд" ЖЧКсынын (азыркы "Детский Мир" соода борбору) пайдасына жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып, анын директору А.М.С.- А.А. аттуу жарандын ишенимдүү адамы болгон.

Андан ары, 2009-жылы А.М.С. "Детский мир " соода борборунун жалгыз ээси болууну каалап, А.А.дан баш тартып, К.Асанбек менен өнөктөштүк мамилесин түзгөн. Мында "Рос-Трейд" ЖЧКсынын үлүшүнүн 50%ы жана аянты 2900 чарчы метр коммерциялык жайлары бар 3 кабаттуу имарат берилген.

Ал эми 2020-жылы А.М.С. аянты 10 миң чарчы метр болгон "Детский мир" соода борборунун имаратын Н.М.Р. аттуу инвесторго 6 млн АКШ долларына сатып, келишимге ылайык аталган сумманын 2,3 млн АКШ доллары К. Асанбекке берилген.

Ошондой эле тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбектин деструктивдүү ишмердүүлүгүн А.М.С. тарабынан каржылоо фактысын тастыктаган маалыматтар алынган.

Мындан улам, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Асанбектин аффилирленген жактары менчиктин мыйзамсыз экендигин түшүнүшүп, ыктыярдуу негизде жогоруда белгиленген 3 кабаттуу, аянты 2900 чарчы метр жана наркы 900 млн сомдон ашык имаратты мамлекеттин балансына өткөрүп беришти.

Кылмыш ишинин алкагында А.М.С. аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча атайын тергөө иштери улантылууда.

УКМК акча каражаттарын, предметтерди, буюмдарды жана башка мүлктөрдү берүү же чогултуу, мүлккө укуктарды же мүлктүк мүнөздөгү пайдаларды берүү, ошондой эле кайрымдуулук жардамдары, алмашуу, УКТга маалыматтык жана башка түрдөгү финансылык кызматтарды көрсөтүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Пикир

Оставить комментарий