• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте үч кичинекей бала түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилди

Кырсык 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Бишкектин Келечек конушунда аянты 35 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Өрттүн кесепетинен төрт жаштагы Т.Н., үч жаштагы Т.З. жана эки жаштагы Т.А. аттуу балдар түтүнгө ууланышып, ооруканага жеткирилген.

Балдардын абалдары орто.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий