Бишкекте "Жеткинчек" III шаардык спартакиадасы салтанаттуу ачылды

Спорт 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарында «Газпром-Балдар» спорттук-эс алуу комплексинин базасында «Жеткинчек» III шаардык спартакиадасынын салтанаттуу ачылышы болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук иш-чара Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган.

Ачылыш аземге Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамканов, КР Самбо федерациясынын вице-президенти Муратбек Арыстанбеков жана Күрөш Федерациясынын ыйгарым укуктуу өкүл Каныбек Жолчубеков катышты.

Белгилей кетсек, мелдештер 1-июндан 7-июнга чейин спорттун 7 түрү боюнча өтөт.

Иш-чаранын максаты – сергек жашоого үндөө жана балдарды жана өспүрүмдөрдү системалуу дене тарбия жана спортко тартуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий