Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Бишкекте үч унаа кагышып, эки киши жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 8-июль күнү болжол менен саат 23:50лөр чамасында М.И., аттуу жаран “Мазда Демио” унаасында Чүй проспекти менен жүрүп бара жатып, “Тойота Рав 4” улгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Экинчи унааны 24 жаштагы Ж.О., аттуу айдоочу башкарып келе жаткан.
Кагылышуудан улам “Тойота” жол боюнда токтоп турган “Даймлер Крайслер 200 Е” унаасын сүзүп алган.
Кырсыктан Ж.О., аттуу айдоочу жана анын 24 жаштагы жүргүнчүсү жаракат алып, ооруканага кайрылышкан.
Баардык унаалар атайын айып унаа токтотуучу жайга киргизилген. Чогултулган материалдар шаардык милицияга жиберилген.
Пикир
Оставить комментарий