• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте CHARGE Fast пирамидасын негиздөөчүлөрдүн бири кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Бишкекте CHARGE Fast пирамидасынын негиздөөчүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-мартта О.А. аттуу жаран Биринчи май РИИБге арыз менен кайрылып, "400 миң сом акчасын эки эсе көбөйтүп беребиз" деген шылтоо менен ишенимге кирип, алдоо жолу аркылуу ээлеп алгандарга тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган факты Биринчи май РИИБде КР Кылмыш-жаза кодексинин "Финансы пирамидаларды уюштуруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан эң негизги уютуруучулардын бири 1976-жылы туулган С.О. жана шектүү 1995-жылы туулган А.А. кармалган. Алар тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгиленгендей, бул компаниянын үстүнөн Биринчи май РИИБге 100дөн ашуун жаран арызы менен кайрылды. Азыркы учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Мындан тышкары, Ош облусу боюнча дагы аталган компаниянын үстүнөн 41 арыз түшүп, издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1976-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган С. Ө. Бишкек шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул компаниянын башка облустарда дагы иш алып баргандыгы аныкталып, кармоолор жүрүп жатат.

Милиция кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Милиция эгерде сиз Бишкек шаарында болсоңуз, төмөнкү даректер боюнча кайрылсаңыз болорун эскертет:

- Жибек-Жолу проспектиси-413
- Панфилов көчөсү-12/1.
- ⁠Жаштык көчөсү-35А.

"Эгерде башка региондо болсоңуз, анда сиз жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылсаңыз болот, алар сиздин арызыңызды Бишкек шаарына кылмыш ишине кошуу үчүн жөнөтүшөт. Паспортуңуздун көчүрмөсүн жана акча каражатты которгонуңуз тууралуу чектериңиздин көчүрмөлөрүн арызыңызга тиркөөнү унутпаңыздар", - деп айтылат милициянын маалыматында.

Көңүл буруңуз! Эгерде сиз шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз же кандайдыр-бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирүүңүздү өтүнөбүз: 0(508)11-11-12, 0(709) 49-78-10 жана 102.

Пикир

Оставить комментарий