• 87
  • 90.64
  • 0.85

Бишкекте "Чексиз спорт" пара марафону өтөт

Спорт 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. 15-ноябрда Бишкек шаарында Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада "Чексиз спорт" деген ураан алдында пара марафон өтөт.

Дене трабия жана спорт департаментинен билдиришкендей, марафонго ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышат. Иш-чараны Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциясы, "Кыргызстан улуттук паралимпиадалык комитети" коомдук бирикмеси, "Жеңил атлетика федерациясы", жана "Дүйнөлүк марафон дирекциясы" коомдук бирикмеси уюштурууда.

Марафондун максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, калкты спортко тартуу жана эл аралык спорттук байланыштарды бекемдөө. Бул марафон инклюзивдүү спортту колдоого жана ар бир адам үчүн физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, бирдей шарттарды түзүүгө багытталган.

Иш-чаранын программасы:

Катышуучулардын чогулушу: 10:00 - 10:50;
Ачылыш аземи: 11:00 - 11:30;
Спорттук мелдештер: 11:30 - 13:30;
Концерттик программа: 13:30 - 14:10;
Иш-чаранын жабылышы: 14:10 - 14:30.

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу:

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2024-жылдын 15-октябрынан баштап 6-ноябрына чейин жүргүзүлөт. Катышууну каалаган спортчулар өзүлөрүнүн жеке маалыматтарын жана медициналык маалыматын төмөнкү дарекке жөнөтө алышат: runthesilkroad@gmail.com.

Кошумча маалымат жана катталуу боюнча суроолор үчүн: 0500 33 99 70.

Дене тарбия жана спорт департаменти бардык каалоочуларды катышууга жана спортчуларды колдоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий