• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте чет өлкөлүк туристтерден жыйым алуу каралууда

Коом 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Бишкекте шаардын аймагына келген чет өлкөлүк жарандардан туристтик жыйымдарды алуу пландалууда. Тиешелүү токтом долбоорун мэрия коомдук талкууга койду.

Жыйымдын өлчөмү мейманканада, жатаканада, кемпингде, туристтик борбордо, конок үйүндө, эс алуу үйүндө, пансионатта жана башка объектте жашаган ар бир күн үчүн 0,5 эсептик көрсөткүчтү түзөт.

Төлөөгө тийиш болгон жыйымдын суммасы жайгаштырылган объектте жашагандыктын наркына кошулбайт.

Чет мамлекеттердин жарандары жайгаштыруу объектисинде өздүгүн тастыктаган документтерди берүү менен каттоодон өткөн учурда оператор тарабынан жыйымды алуу жүзөгө ашырылат. Мында оператор чет өлкөлүк мамлекеттердин жарандарын ар бир жашаган сутка үчүн жыйым алына тургандыгы жөнүндө маалымдайт.

Акча каражаты ККМди колдонуу менен накталай, электрондук акча, банктык төлөм картасы жана башка төлөм инструменттери аркылуу улуттук валютада кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий