• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйыны өтөт

Президент 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. 1-2-августта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Бул жөнүндө КР Президентинин Аппаратынын Стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Анын ишине Россиядан, Казакстандан, Катардан, Түштүк Кореядан, АКШдан, Украинадан, Бириккен Араб Эмираттарынан келишкен мекендештер катышат. Жыйындын ишине онлайн ресурстары аркылуу катышуу да каралган.

Данияр Иманалиев бул Кеңеш мамлекеттик органдар менен чет өлкөлөрдөгү мекендештер ортосунда натыйжалуу диалогду калыптандыруу, алардын түпкү Мекенине кайтып келиши жана мекендештердин өлкөнү өнүктүрүүгө катышуусу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу максатында түзүлгөнүн белгиледи.

Ал 1-августта Кеңештин жыйыны алкагында мекендештердин мамлекеттик органдар менен жолугушуусу жана күн тартибине ылайык секцияларда иштөө күтүлүп жатканын баса белгиледи.

2-августта Кеңештин жыйыны Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өтөт. Анда миграциялык саясаттын Концепциясы, «Мекен-карт» демилгеси жана мекендештердин өлкөбүздү өнүктүрүүгө инвестициялоосу жана катышуусу үчүн экономикалык, финансылык инструменттерди түзүүгө багытталган «Мекеним» программасынын долбоору талкууланат.

Андан тышкары, миграциялык саясаттын башка маселелери да талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий