Бишкекте Чоң Чүй каналынын боюна темир тосмолор орнотулду

Коом 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Бишкекте Чоң Чүй каналынын боюна темир тосмолор орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жаңы тосмолор ЧЧКнын түштүк тарабына Курманжан Датка көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө орнотулуп, анын узундугу 180 погон метрди түзөт.

Белгилей кетсек, тосмолор "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан жасалган. Даярдоо жана орнотуу иштерине ишкананын 7 кызматкери жана 1 бирдик атайын техника тартылган.

Пикир

Оставить комментарий