• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кыргыз-казак интеллигенциясынын форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Бишкекте кыргыз элинин чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата кыргыз-казак интеллигенциясынын эл аралык форуму өтүүдө.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдырали, Жогорку Кеңештин депутаттары, илимий жана адабий интеллигенция катышууда.

Мамлекеттик катчы форумдун катышуучулары менен саламдашып, президент Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо жолдоду.

"Аталган форум жетинчи ирет өтүп жатса, анын үчөө Кыргызстанда, төртөө Казакстанда өткөн. Иш-чаранын максаты — Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы аркылуу эки элдин ортосундагы достук алакаларды чыңдоо жана өнүктүрүү болуп саналат", - деди ал.

Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Казакстан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов үчүн чоочун болбогондугун айтты. "Чыңгыз Айтматов өзүн кыргыз жана казак уулу деп эсептеген", - деди.

Форумдун аянтчасында Кыргызстандын белгилүү окумуштуулары Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу баяндамаларды жасашмакчы.

Пикир

Оставить комментарий