• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган эл аралык форум өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Бишкекте "Чыңгыз Айтматов. Биз бир кемедебиз. Чыгармачылыгы орус тилинде” эл аралык форуму башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумга Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген жергиликтүү жана чет өлкөлүк академиктер, Азербайжан, Армения, Беларусь, Молдова, Грузия, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан театр жана кино ишмерлери катышууда.

Иш-чаранын расмий ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышып, форумга катышуу үчүн шериктеш өлкөлөрдөн келген илим, искусство, маданият ишмерлерине ыраазычылык билдирип, форумдун ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди.

Министр өз сөзүндө Чыңгыз Айтматов кыргыз адабиятынын гана эмес, орус адабиятынын да классиги экенин айтып, ал 1986-жылы дүйнөлүк актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн интеллектуалдардын эл аралык форумун өткөрүү идеясын алып чыкканын, форумга дүйнөлүк белгилүү интеллигенция өкүлдөрүнүн башын бириктиргенин сыймыктануу менен белгиледи.

Министр ошондой эле, бүгүнкү күндө жазуучунун 95 жылдыгына карата өтүп жаткан иш-чаралар анын 100 жылдыгына даярдык катары экендигин маалымдап, бардык катышуучуларга ийгилик каалады.

Сөз Россия Федерациясынын президентинин маданияттар аралык өз ара аракеттенүү боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн өкүлүнө жана “Түрк маданияты жана мурасы” эл аралык фондунун өкүлүнө берилип, форумдун өтүшү жана аны колдоого болгон аракеттер тууралуу айтылды.

Форумдун жүрүшү Айтматов таануучулардын илимий баяндамалары менен уланып жатат.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “ART - араба” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий