Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. Бишкекте Чыгыш автобекетинин жанындагы жер астындагы өтмөктөгү жаңы жарыктарды талкалап кетишти.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай көрүнүш мурда дагы болуп келген.
Белгилей кетсек, "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын бригадасы аталган өтмөктө 5 жаңы прожектор орнотуп, 70 метр кабель тартышкан.
Бишкек мэриясы жарандардан муниципалдык менчикти сындырбоого жана зыян келтирбөөгө чакырат.
Пикир
Оставить комментарий