Бишкекте COVID-19 менен ооругандар үчүн 170 бош орун бар

COVID - 19 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Бишкекте 30-июнда саат 08:00гө карата COVID-19 менен ооругандар үчүн 170 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча:

- №2 клиникалык төрөт үйүндө – 3;
- №1 шаардык клиникалык оорукада – 8;
- Улуттук кардиология жана терапия борборунда – 1;
- Онкология жана гематология улуттук борборунда – 3;
- Республикалык наркология борбору – 3.

“Бүгүнкү күндө кошумча 152 орундук Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунда даярдалды”, - деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалыматты стационарлар картасында көрсөтүлгөн телефон номерлер аркылуу билсе болот.

Пикир

Оставить комментарий