• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Бишкекте COVID-19дун 77 жаңы учуру катталды - Рыскулбекова

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Коронавирус инфекциясы боюнча Бишкек шаарындагы абал кооптуу. Бул тууралуу бүгүн брифингде Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында өткөн сутка ичинде коронавирус инфекциясынын 77 жаңы учуру катталды, анын ичинен 52 учур лабораториялык жол менен, 25 учур клинико-эпидемиологиялык пневмониялык жол менен тастыкталды.

“Бир суткада Ленин районунда – 22, Биринчи май районунда – 7, Октябрь районунда – 21, Свердлов районунда – 13 учур катталды. Калган учурлар келгендерден аныкталган. Жаңы катталган учурлардын ичинен 71 адамда симптомдуу, калган учурлары симптомсуз экени белгилүү болду”,-деди ал.

Ал жаңы учурлардын ичинен 36 бейтап ооруканаларга жаткырылганын, 41 адам амбулатордук дарылануудан өтүп жатканын кошумчалады.

“Бардык жарандарды жеке тазалыкты сактоого жана эл көп топтолгон жайга баруудан карманууга, конокко барууну жана үйгө конок чакырууну токтотуп турууга чакырам. Ошондой эле башкалар менен кол кармашып, өбүшүп жана кучакташып учурашууну токтотуңуздар. Мындан тышкары, колуңуздарды 20 мүнөттөн аз эмес самындап жууп, жашаган, иштеген жерди желдетип туруңуздар”,-деди Рыскулбекова.

Пикир

Оставить комментарий