• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте дүкөндөн эки уюлдук телефонду уурдап кетти делген адам кармалды — видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бишкекте дүкөндөн эки уюлдук телефонду уурдап кетти делген адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Свердлов райондук милциясына З. Р. аттуу жаран 11-апрелде болжол менен саат 18:00дө соода борборлордун бириндеги дүкөндөн белгисиз адам 45 миң 500 сомдук эки даана уюлдук телефонду уурдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Урдоо”) негизинде иш козголгон.

Жүргүзүлгөн комплекстүү издөө-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 40 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалган. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий