• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте дүкөндүн сатуучусун аёосуз сабаган видео тарады. Шектүү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Бишкекте белгисиз киши дүкөндүн сатуучусуна кол салып, аёосуз сабап салган. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады.

Окуя 24-апрелде 6-кичи районундагы дүкөндөрдүн биринде болгон.

Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, себепсиз кол көтөрүп, качып кеткен белгисиз жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык, кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертиза дайындалды..

Көп өтпөй милиция кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү катары 1968-жылы туулган Г.А. аттуу чет элдик жаран кармалды.

Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий