• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте дагы бир бейтапка боор алмаштыруу операциясы жасалууда

Ден соолук 0

Бишкек, 11.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкекте дагы бир бейтапка боор алмаштыруу операциясы жасалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.

Операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында өтүп жатат. Кыргызстандык дарыгерлерге түркиялык адистер көмөктөшүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. 9 саатка созулган операциядан кийин бейтаптын жана донордун абалы туруктуу.

"Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан", - деп билдирген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Операцияга кеткен чыгымдар президенттин фондунан каржыланып, ооруканага керектүү каражаттарды жана жабдууларды сатып алууга 1 млн доллар бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий