• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте дагы бир "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды – дареги

Ден соолук 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте дагы бир "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды. Дарыкана №4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Правда жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги филиалында уюштурулду.

Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарынын базасында ачылган 19-мамлекеттик дарыкана, учурда республика боюнча 88 дарыкана иштейт.

Дарыкана пункттарындагы ассортимент дарыкана пункттары жайгашкан саламаттык сактоо уюмунун өзгөчөлүгүнө, сатуунун деңгээлине жана саламаттыкты сактоо уюмдарына жараша 2500дөн ашык фармацевтикалык продукцияны түзөт. "Эл Аман" мамлекеттик дарыканаларында чекене баалар өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда орто эсеп менен 10-20%га төмөн. Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдетилген рецепттери менен дары-дармектер “Эл Аман” дарыканалары аркылуу рецептке жана бейтаптын оорусуна жараша 50%дан 100%га чейин арзандатуу менен сатылат.

Пикир

Оставить комментарий