• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкекте дагы бир көчө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.08.24. /Кабар/. Бишкектеги Беларусь көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоо иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда эски асфальтты сыйрып, бордюрларды жана ирригация системасын орнотууга даярдоо иштери жүрүүдө.
Капиталдык оңдоо учурунда эки тарабындагы тротуар оңдолуп, ирригация система жана жаңы жол салынат.

Эскерте кетсек, жол оңдоо иштерине байланыштуу Медеров көчөсүнөн Беларусь көчөсүнө өтүүчү жол убактылуу жабылган.

Пикир

Оставить комментарий