• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкекте дайынсыз жоголгон жаран табылды – Милициянын кайгуул кызматы

Коом 0

Бишкек, 29.11.20. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон жаран табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-ноябрда 39 жаштагы С.А. аттуу жаран Бишкек шаарынын Бах көчөсүндө жайгашкан медицина борборунан чыгып кеткен боюнча дайынсыз, азыр изделүүдө деген маалымат тараган.

Бул маалымат боюнча Милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына багыттама берилип, аталган жаранды издеп табуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Натыйжасында милиция кызматкерлери ал адамды 29-ноябрда болжол менен саат 01:30 чамасында Ибраимов жана Линейний көчөлөрүнүн кесилишинен таап, жакын туугандарына өткөрүп беришти.

Өз кезегинде туугандары милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий