• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте дартс боюнча чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 23.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарында дартс боюнча аялдар жана эркектер арасында чемпионат өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш 10-14-апрель күндөрү "Газпром-балдарга"спорттук денсоолукту чыңдоо комплексинде болуп, ага жалпысынан 100гө жакын спортчу катышты.

Мындан тышкары, 15-19-апрель күндөрү борбор калаада балдар жана кыздар арасында дартс боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өтүп, ага 80 адам катышты.

Чемпиондор жана байге ээлери диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти КР Дартс федерациясы менен биргеликте уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий