• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте дарыгерлердин митинги өттү

Коом 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Бишкекте Ак үйдүн алдында медициналык кызматкерлердин митинги өттү. Болжолу менен 50 дарыгер - 19 үй-бүлөлүк медициналык борбордун өкүлдөрү саламаттыкты сактоо, поликлиникаларды оптималдаштыруу системасындагы реформаларга, адистерди квалификациялоого каршылыгын көрсөтүштү.

Терапевт Айгүл Дүйшеева билдиргендей, аны педиатр жана гинеколог катары кайрадан квалификациялайын деп жатышат.

"Биз баарыбыз оптималдаштырууга каршы чыгып жатабыз. Биздин саламаттыкты сактоо министрине болгон кайрылууларыбызга көңүл бурбай жатышат", - деп билдирди митингдин катышуучусу.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкекте 4 райондук үй-бүлөлүк борборду түзүү менен үй-бүлөлүк медициналык борборлорду бириктирүүнү чечкен. Алар филиалдарды башкарган административдик борбор борушат.

Пикир

Оставить комментарий