• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-17-октябрь күндөрү КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте жарманке өткөрөт.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, айыл чарба азыктарынын баалары дүң баада сатылат.

Жарманке өтүүчү даректер:

1) Октябрь райондук администрациясы, 12-кичи район, А.Токомбаев - Н. Джетикашкаева көчөлөрүнүн кесилиштери;

2) Биринчи май райондук администрациясы, И. Раззаков-Киев, Токтогул Сатылганов көчөлөрүнүн кесилиштери.

Пикир

Оставить комментарий