Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Бишкекте 24-25-апрелде КР өкмөтү, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана шаардык муниципалитет тарабынан уюштурулган салтка айланган айыл чарба азык-түлүк жарманкеси өтөт.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жарманке эртең мененки саат 10:00дөн тартып өз ишин баштайт.
жарманкелер төмөнкү даректерде өтөт:
• Раззаков көчөсү, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши;
• №12 кичи районундагы Нуркамал Жетикашаева жана А.Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишинде.
• Т.Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
Пикир
Оставить комментарий