• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Жибек- Жолу проспекти 286, дарегинде жайгашкан мончо-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушун улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган комплекстин жалпы аянты 2705,41 чарчы метрди түзөт. Ал жер төлөсү менен эки кабаттуу заманбап имарат курулууда. Мончо 240 орунга, эркектер үчүн -120, аялдар үчүн -120 орунга ылайыкталган. Комплексте ошондой эле унаа токтотуучу жай каралган.

Бүгүнкү күндө темир-бетон каркастарын, эки бассейнди орнотуу иштери аяктады. Учурда жер төлөдө жана биринчи кабатта кыш кыноо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий