Бишкекте Дене тарбия жана спорт академиясынын ректору пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында аталган академиянын ректору тарабынан 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылуу фактысын аныктады.

Академиянын ректору А.С.С. бул сумманы Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 97-үй дареги боюнча Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын имаратында жайгашкан мамлекеттик мүлктү ижарага алуу укугун (келишимди) узартуу үчүн талап кылган.

2024-жылдын 4-июлунда козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен ректор А.С.С. 1000 доллар өлчөмүндөгү каражаттын бир бөлүгүн алуу учурунда кармалды. Ошондой эле акча каражаттарын которууда ортомчу болгон академиянын окутуучулары М.Ч.А жана Б.К.Т. да кармалып, алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий