• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте Дин иштери боюнча мамкомиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Бишкекте Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы белгиленүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө президенттин аппаратынын Гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев президент Садыр Жапаровдун атынан Дин комиссиясынын жетекчилигин жана кызматкерлерин куттуктады.

Базарбаев өз сөзүндө мамлекет башчысы Дин комиссиясынын иши, анын жүрүшү боюнча дайыма маалыматтарды алып, кабардар болуп турарын айтты.

Нет описания.

Президенттин аппаратынын Гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы өз сөзүндө мамлекеттин ар бир багытта өзүнүн саясаты болгондой, дин чөйрөсү да мамлекеттик саясат жүргүзүлүүчү багыттардын бири болуп саналарын айтты.

"Бул саясатты жүргүзүү үчүн дин иштери боюнча атайын орган болуп 1996-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы түзүлгөн. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы –жарандардын абийир жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылган, мамлекеттик органдар менен диний уюмдардын ортосунда көпүрө, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу бирден-бир мамлекеттик орган болуп саналат", - деди Базарбаев.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан өз эгемендигин алган мезгилден тартып, жарандардын динге болгон мамилелери өзгөрүүдө. Натыйжада 1993-жылы жаңы Конститутциянын кабыл алынышы менен жарандарга дин тутуу эркиндиги камсыз кылынган.

"Албетте көз карандысыздыктын шарттарында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жетишкендиктери менен бирге тобокелдиктери да болбой койгон жок. Дин эркиндигин пайдаланган салттуу эмес жана экстремисттик диний агымдар да пайда болду. Мындан сырткары, өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирген чакырыктар менен коркунучтар жаралды. Бирок өз учурунда кабыл алынган мамлекеттик саясат диний чөйрөгө жаңыча көз карашты калыптандырды. Атап айтсак, 2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы өз учурунда кабыл алынып, жарандардын дин тутуу эркиндигин камсыздоо менен бирге, анын негизги багыттарын аныктап берди. Бул жааттагы натыйжалуу мамлекеттик саясаттын артынан диний абал туура нукка түштү. Мамлекеттин дүйнө бий принцибин бекемдеген атайын “Ислам азыркы светтик мамлекетте” аталыштагы эл аралык конференциялардын циклдери өткөрүлдү", - дейт ал.

Базарбаев мамлекеттик органдар менен диний уюмдардын кызматташтыгын жакшыртуу үчүн Мамлекеттик-конфессиялык кеңеш түзүлгөндүгүн кошумчалады.

Ал мамлекет менен дин өнөктөш мамиленин алдыңкы үлгүсүн көрсөтүп келе жатат дейт. "Бул багытта Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргыз Республикасы алдыда баратат десек аша чапкандык болбос. Кыргызстанда ислам басымдуу болгону менен көп конфессиялуу өлкө", - деп билдирди.

Анын маалыматына караганда, бардыгы болуп 30дан ашуун ар кандай диний конфессиялар бар. 1991-жылы өлкө аймагында 39 мечит болсо, бүгүнкү күндө 2 768 мечит курулду. Христиан жаатында 405, иудаизм жана буддизм жаатында 14 уюм иш алып барышат. Бул да болсо динге болгон эркиндиктин көрсөткүчү катары бааланат.

"Көп конфессиялуу жана көп этностуу элибиз ынтымакта, биримдикте эгемен Кыргызстанды курууда. Бул жаатта Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жана “Кыргыз жараны жөнүндө” концепциялары ишке ашырыла баштады. Ал эми биргеликте иштеп чыккан 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын учурда кабыл алуу күтүлүүдө", - деди Базарбаев.

Ал Дин комиссиясы башка мамлекеттик органдар жана диний уюмдар менен бирге алдын алуу, түшүндүрүү иш-чараларын тынымсыз жүргүзүүсү зарылдыгын баса белгиледи.

"Ошону менен бирге Дин комиссиясынын 25 жылдык тарыхында Эмил Саламатович Каптагаев, Каныбек Осмоналиевич Осмоналиев, Өскөн Жусупбекович Осмонов, Орозбек Абдысаламович Молдалиев, Зайырбек Жолчуевич Эргешов ж.б. жетекчилер ведомствонун түптөлүшүнө, өнүгүшүнө салым кошуп, натыйжалуу иш алып барышкандыгын белгилеп кетким келет.

Мындан сырткары, диний чөйрөнүн мамлекет менен өз ара кызматташтыгына салым кошкон Кимсанбай ажы Абдрахманов, раматылык Муратаалы Жуманов, ыраматылык Чубак ажы Жалилов, Максат ажы Токтомушевдерге, ошондой эле Орус Православ Чиркөөсүнүн кызматкерлерине жана башка бардык конфессияларга, алардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирем.

Ошондой эле эл аралык өнөктөштөрүбүз Бириккен Улуттар Уюмуна, Эвропа Коопсуздук Кызматташтык Уюмуна, Жалпы кызыкчылыктарды издөө уюмуна, Эл аралык толеранттуулук уюмуна жана башка жергиликтүү бейөкмөт жана диний уюмдарга терең ыраазычылыгыбызды билдирип, мындан ары дагы бирдиктүү иштерди жүргүзөбүз деген оюубуз бар экендигин билдирем.

Учурдан пайдаланып жаңы шайланган Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевди жаңы кызмат орду менен куттуктайм.

Келечекте бардык диний уюмдар менен бирге диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты колдоп мамлекетке өнөктөш болуп тыгыз жана жемиштүү иш алып барат деп терең ишенем", - деди Базарбаев өз куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий