• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Бишкекте драматург Райкан Шүкүрбековдун 110 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Бишкекте бүгүн акын, жазуучу, драматург жана чебер которомочу Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдык мааракесине арналган конференция өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлашты.

Ошондой эле акындын китептеринин көргөзмөсү ачылган.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов баштаган акын- жазуучулар, адабият, маданият ишмерлери, акындын урпактары катышты.

Айнура Аскарова өз сөзүндө Райкан Шүкүрбековдун чыгармачылык мурасы, кыргыз адабияты менен маданияттагы акындын барандуу ордун белгиледи.

“Райкан Шүкүрбековду кыргыз журтчулугу керемет табылгалуу, сатиралык жана лирикалык ырларды жараткан залкар акын, театрды көркүнө чыгарган чыгармаларды жазган драматург, актер жана чебер которомочу катары тааныйт. Акындын 110 жылдык мааракеси 2023- жылы мамлекеттик деңгээлде өткөрүлө турган юбилейлик иш-чаралардын тизмегине киргизилген.

Өлкөбүздүн өсүп-өнүшүнө руханий жактан салым кошкон инсандарыбызды ар качан баалап, даңктап туруубуз керек. Өз өмүрүн элдин руханиятын байытууга, адабиятын, театр чөйрөсүнүн өнүгүшүнө арнаган Райкан Шүкүрбековдун баскан жолу эртеңибиз болгон келечек муунга өрнөк, баскан жолу үлгү болот деген терең ишничтемин”, - деди министрдин орун басары.


Маалымат үчүн: Райкан Шүкүрбеков Таластын Ак-Чий айылында 1913-жылы туулган. Узак жылдар боюу ал Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын адабият бүлүмүн жетектеп, эл шайырларын окутуп, аларга куйкумдуу ырларды, санат термелерди, интермедияларды жазып берип, репертуарын байытып келген.

Акындын “Жаркынай”, “Айдар”, “Жапалак Жатпасов”, “Жинди суу”, “Жер жөнүндө терме”, “Кыз жигит” сыяктуу бир катар чыгармалары эл оозуна алынган. 2013- жылы акындын 100 жылдык мааракеси Талас облусунда салтанаттуу белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий