• 87
  • 90.43
  • 0.88

Бишкекте «Дунган мисси-2017» сынагына кастинг жүрүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк сулуулук конгресси «Дунган мисси-2017» сынагына кастинг жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк сулуулук конгрессинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Амина Юсурова билдиргендей, кастинг 3-20-апрелде өтөт. Ага дунган улутундагы, жашы 16дан жогору, коммуникабелдүү жана артисттик таланты бар, команда менен иштөөгё жөндөмдүү кыздар чакырылат.

“Дунган мисси-2017" сулуулук сынагы “Кыргызстан дунгандарынын Ассоциациясы” жана Бүткүл дүйнөлүк сулуулук конгресси тарабынан уюштурулууда. Иш-чара КРдагы Адеп, ыйман жана маданият жылына арналган”, - деп белгиледи А.Юсурова.

«Дунган мисси» – бул дунган диаспорасынын мыкты өкүлдөрүн бириктирген, 3 жылда 1 жолу өтүүчү сынак. Катышуучулары калыстар тобуна сулуулугун гана эмес, чыгармачылык таланттарын, интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн жана элинин каада-салттарын, тарых жана маданиятын билүүсүн көрсөтүшөт.

Бул кызыктуу шоуда көрүүчүлөр кыргыз, дунган эстрадасынын жана шоу-бизнес жылдыздарынын катышуусунда көркөм программага күбө болушат. Эң татыктуулары Кыргызстанды эл аралык сулуулук сынактарына көрсөтщлөт, деп айтылат билдирүүдө.

Сынактын программасында:

1. Катышуучулардын улуттук кийим менен чыгуусу,

2. Бий,

3. Дунган тамак-аштарын даярдоо,

4. Кече көйнөктөрү,

5. Дунган фольколору сынагы – макал-лакаптарды, ырларды, тамсилдерди жана жомокторду көркөм окуу.

Сынактын максаты – дунган элинин маданиятын жана салтын, Кыргызстан эли менен толеранттуулугун жана тилектештигин жайылтуу. Сынактын тапшырмаларына үй-бүлөнүн социалдык ролун жогорулатуу жана келечек муунду адептүүлүккө тарбиялоо, сергек жашоо образын жайылтуу, улуттар аралык байланыштарды бекемдөө жана өнүктүрүү болуп саналат.

Сынак 2017-жылы 22-майда “Кайнар” ресторанында өтөт.

Иш-чара КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий