Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Бишкектеги "Газпром балдарга ден соолукту чыңдоо" борборунда дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты башталды.
Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдештин биринчи күнүндө татамиде төмөнкү салмак категорияларында беттештер өтөт.
- кыз-келиндер арасында — 48, 57, 70 кг;
- эркектер арасында — 60, 73, 90, +100 кг.
Чемпионат эки күнгө созулат — 27-28-январь.
Белгилей кетсек, беттештер УТРК спорт телеканалында түз эфирден көрсөтүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий