Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Бишкекте ардагерлер күнүнө карата дзюдо боюнча республикалык ачык турнир аяктады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, "Дельфин" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары мелдештин жеңүүчүлөрү болушту.
1-орун - Сабира Кожомбердиева;
2-орун - Самира Жарова;
3-орун - Назик Шарленалиева.
Белгилей кетсек, турнирге Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан 500дөн ашык спортчу катышты.
Пикир
Оставить комментарий