• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте ЕАЭБ өлкө башчылары ЕЭФте интеграциялык биримдиктин келечегин талкуулайт

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22 /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Бишкекте Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкө башчылары – Садыр Жапаров, Никол Пашинян, Касым-Жомарт Токаев, Владимир Путиндин катышуусунда Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйыны өтөт. Ошондой эле жыйынга Беларустун премьер-министри Роман Головченко дагы катышат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Россиянын президенти, Армения жана Беларустун премьер-министрлери талкууга видеоконференция форматында кошулат. Кыргызстан менен Казакстандын башчылары, андан тышкары Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович иш-чарага кадимки режимде катышат.

Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынына Россиянын өнөр жай жана ишкерлер союзунун президенти, ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин президиумунун мүчөсү Александр Шохин модераторлук кылат.

Талкуулоо үчүн маселелер:

- Кыргызстандын ЕАЭБдеги төрагалыгынын приоритеттери эл аралык мамилелердеги туруксуздуктун шарттарында кандай ишке ашат, Биримдиктин алдында кандай артыкчылыктуу милдеттер турат?

- ЕАЭБдин геостратегиялык абалынын артыкчылыктарын “бештикке” кирген өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүү үчүн кантип толук пайдаланууга болот?

- ЕАЭБдин ичиндеги жана дос өлкөлөрдөн инвестиция тартууга түрткү берүүнүн кандай жолдору бар?

- Экономикалык кооперацияны кантип өнүктүрүүгө болот?

- Ички рыноктогу калган тоскоолдуктарды кандайча жок кылууга болот?

- ЕАЭБ Чоң Евразиянын негизги түзүмү болуусу үчүн эмнелер зарыл?

ЕАЭБ лидерлери Евразия чөлкөмүндөгү экономикалык интеграцияга жана өз мамлекеттеринин экономикасын өнүктүрүүгө баасын берет деп күтүлүүдө.

Маалымат үчүн: 26-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форуму биринчи жолу өтөт. Программа Евразия экономикалык биримдигинин мамлекет башчыларынын катышуусу менен пленардык жыйынды, ошондой эле алты панелдик сессияны камтыйт. Форумга катышуу бекер.

Пикир

Оставить комментарий