Бишкекте ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата тегерек стол өттү

Экономика 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 10 жылдыгына карата тегерек стол уюштурду.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага ишкерлер жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕАЭБдин алкагында иштелип чыккан жана киргизилген долбоорлордогу салык кызматынын жетишкендиктери талкууланды.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери салыктык түшүүлөрдүн жана товар жүгүртүүнүн олуттуу жогорулагандыгын белгиледи.

"Акыркы жылдары Салык кызматы тарабынан ишке ашырылган санариптештирүү боюнча долбоорлор маанилүү ролду ойноду. Биздин салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн аларды жакшыртууну жана жөнөкөйлөтүүнү улантуудабыз. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана экспортту көбөйтүү – биздин приоритеттерибиз", – деди Адилет Дубанаев.

Ал ошондой эле жүк ташуучулар үчүн чек арадан өтүүдөгү тоскоолдуктарды жоюуга жардам бере турган навигациялык пломбаларды тестирлөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн товарларды эсепке алуу постторун модернизациялоо боюнча пландары менен бөлүштү.

Андан сырткары, Салык кызматынын адистери электрондук эсеп-фактура, кыйыр салыктарды администрациялоо, электрондук коштомо кагаз, товарларды маркалоо сыяктуу долбоорлорду өнүктүрүү боюнча жыйынтыктар жана келечектеги пландар тууралуу кеңири айтып беришти.

Жолугушуунун соңунда ассоциациялардын өкүлдөрү жана ишкерлер өз тажрыйбалары жана идеялары менен бөлүшүп, көйгөйлүү жерлерин айтып, суроолоруна жооп алышты.

Пикир

Оставить комментарий