• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте Easy Kyrgyz мобилдик колдонмосунун кезектеги таанытымы өттү

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында кыргыз тилин үйрөнүүнү жеңилдетүү максатында иштелип чыккан Easy Kyrgyz мобилдик колдонмосунун А1 деңгээлинин таанытымы өттү.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан билдиришкендей, иш-чарада төрага Мелис Мураталиев бул колдонмо Улуттук комиссиянын буюртмасы менен жасалганын билдирди. Ошондой эле ал жаштардын тилге байланышкан суроолоруна жооп берди.

Ал эми долбоордун жетекчиси Данияр Карабаев колдонмонун мүмкүнчүлүктөрүн презентациялады. Иш-чарада студенттер үчүн атайын интерактивдүү оюндар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө китептер белекке берилди.

Академиянын мамлекеттик тил боюнча проректору Турсунай Ибраимова мамлекеттик тилди жайылтууда мындай технологиялык кадамдардын маанисин чоң экендигин айтты.

Белгилей кетсек, Easy Kyrgyz (Кыргызча оңой) колдонмосу интерактивдүү көнүгүүлөрдү, оюн форматындагы тапшырмаларды жана грамматиканы өздөштүрүүгө багытталган инструменттерди камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий