Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгы майрамдалууда.
Бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар, жүрүштөр, ар кандай сынактар жана спорттук иш-чаралар өтүүдө.
“Ала-Тоо” аянтында президент Сооронбай Жээбеков жалпы кыргызстандыктарды куттуктап, сөз сүйлөдү.
Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан соң, жалпы шаар тургундарына жана конокторго атайын даярдалган концерттик программа сунушталды.
Пикир
Оставить комментарий