• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте эгемендүүлүк күнүн утурлай спорттук турнир өтүп, жеңүүчүлөр сыйланды

Коом 0

Бишкек, 24.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкекте бүгүн эгемендүүлүк күнүн утурлай спорттук турнир өтүп, жеңүүчүлөр сыйланды.

Спорттук-маданий иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата Новопавловка муниципалдык-аймактык башкармалыгында уюштурулду.

Иш-чаранын сыйлык тапшыруу аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, шаардык кызматтардын өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Анда Айбек Жунушалиев борбор калаага кошулган айыл аймактарда инфраструктураларды жакшыртуу менен бирге спорттук-маданий иш-чараларды уюштуруу зарыл экендигин белгилеп, шаардыктарды келе жаткан эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.

"Биз Бишкек шаарына кошулган бардык айыл аймактарын жана турак жай конуштарын өнүктүрүп, инфраструктураны жакшыртып, жагымдуу, ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Спорттук жана маданий иш-чаралар, социалдык колдоолор байма-бай уюштурулуусу керек", - деди ал.

Ошондой эле мэр бул милдеттерди аткаруу үчүн муниципалитет тарабынан бардык күч-аракеттер жумшаларын белгиледи.

Иш-чаранын соңунда футбол жана волейбол боюнча спорттук мелдештин катышуучулары сыйланып, жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана дипломдор тапшырылды.

Белгилей кетсек, иш-чара Ленин районунун муниципалдык администрациясы, "Биз - келечек үчүн" эл аралык коому жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулду.

.

Пикир

Оставить комментарий