• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бишкекте эки акча алмаштыруу жайынын лицензиясы кайтарып алынды

Коом 0

Бишкек, 22.09.22. /Кабар/. Улуттук банк борбор калаанын эки акча алмаштыруу жайынын лицензиясын кайтарып алды.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына ылайык, КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2022-жылдын 21-сентябрынан тартып төмөнкү алмашуу бюролорунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиялары кайтарылып алынды:

1. Бишкек шаары, «Дордой» соода-сатык комплекси, Кожевенная көчөсү 74, «Север» соода өтмөгү, №4 соода орду дарегинде жайгашкан «Монета плюс» ЖЧК алмашуу бюросунун 2021-жылдын 2-июнундагы № 6137 лицензиясы;

2. Бишкек шаары, Шопоков көчөсү 119 дарегинде жайгашкан «РАДИУС КГ» ЖЧК алмашуу бюросунун 2020-жылдын 17-сентябрындагы № 6005 лицензиясы.

Пикир

Оставить комментарий