• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте эки гана троллейбустук каттам жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Бишкекте троллейбустардын кыймылы өзгөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, катттамдаршаарда жолдорду капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүнө байланыштуу өзгөртүлдү.

Ошентип, 7-июлда Абдырахманов көчөсүнүн Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнүн ортосундагы тилкесинде оңдоо иштери башталды. Буга байланыштуу № 2, № 4 жана № 7 троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу токтотулду. Учурда эки гана троллейбус каттамы жүрүүдө - №11 жана №14.

Бишкек мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий