• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бишкекте эки күндүк кыргыз-орус билим берүү форуму башталды

Билим Кыргызстан 0

Бишкек, 14.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн Бишкекте эки күндүк кыргыз-орус билим берүү форуму башталды. Анда Россиянын жогорку окуу жайларынын азыркы учурдагы жетишкендиктерин көрсөткөн талкуулар жана мастер-класстар болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Иш-чарада Кыргызстан менен Россиянын окуу жайларынын жетекчилери, окумуштуулар ЖОЖдордун жана экономиканын реалдуу секторунун өз ара аракеттешүүсүн, жаңы технологияларды киргизүүнү, жаштар ишкердигин илгерилетүүнү талкуулашат.


Форумда академиялык мобилдүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрүнө, тармактык программаларды өнүктүрүүгө, агрардык жана медициналык ЖОЖдордун орус-кыргыз консорциумдарынын келечегине өзгөчө көңүл бурулуп, ЖОЖдор ортосунда кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюу пландаштырылууда.


Кыргыз улуттук университетинде өтө турган Россиянын жогорку билим берүү көргөзмөсүндө билим берүү программалары, адистикти тандоо тууралуу маалымат алууга болот.

Белгилей кетсек, форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Россия кызматташтыгы” федералдык агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын колдоосу менен уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий