Бишкекте эки курулуш компаниясына 46 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Бишкекте эки курулуш компанияга 46 миң сом айып салынды. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалдык инспекциясынан билдиришти.

Анын маалыматына караганда, муниципалдык инспекция Октябрь районунун Сухэ-Батор көчөсүн бойлой рейд жүргүзүп, курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн аймагын текшеришти.

Рейддин жүрүшүндө курулуш материалдарынын калдыктарын туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн "Бурана Гранд" жана "НБК" ЖЧКларына протоколдор түзүлүп, ар бир ишканага 23 миң сомдон айып салынды.

Бишкек шаарынын мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталса, жеринде протоколдор түзүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий