• 87
  • 91.29
  • 0.84

Бишкекте эки троллейбус базасы капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарында эки троллейбус базасына электр кубаттоочу түзүлүштөр орнотулуп, капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.

Мэриядан маалымдашкандай, учурда Москва, 237 жана Шабдан Баатыр көчөсү, 14 дарегиндеги автопарктарда жер казуу, демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, реконструкциялоо иштери Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жүргүзүлүүдө.

Биринчи этапта 120 электр автобустарын жана кубаттагычтарды алып келүү пландаштырылса, экинчи этапта эки базаны толук реконструкциялоо каралган.

Буга байланыштуу эки ДЕПОдо жайгашкан троллейбустар Коргоо министрлигине караштуу "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын аймагына убактылуу ташылып келүүдө.

Эске сала кетсек, борбор калаада троллейбус каттамдары токтотулган. Бишкек шаарынын мэриясы аларды региондорго өткөрүүнү пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий