Бишкекте дээрлик 152 млн сомго эки көпүрө куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Бишкекте эки жаңы көпүрө куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди мэриянын транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы жарыялаган.

Сметалык баасы 151 млн 851 миң 32 сом, сынактык арыздарды 11-июнга чейин берүү зарыл.

Лот-1 – Шүкүров көчөсүндөгү ЧЧЧК каналы аркылуу Медеров көчөсүнө чыгуучу көпүрөнүн курулушу – 23 млн 163 миң 965 сом. Курулушту аяктоо 2024-жылдын 30-ноябрына белгиленген.

Лот-2 – Жибек-Жолу проспектиси боюнча Аламүдүн суусуна көпүрө куруу – 128 млн 687 миң 67 сом. Курулушту жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий