Бишкекте экинчи ирет ири эл аралык кинофестиваль өтөт

Маданият 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Бишкекте экинчи ирет ири эл аралык кинофестиваль өтөт.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, ири иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, 11-июндан 15-июнга чейин созулат.

Кинофестивалга 26 өлкөдөн 70тен ашык конок жана 200гө жакын кинорежиссер келет. Кинофестивалдын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлүп, 6 мастер-класстар жана байге фонду менен питчинг уюштурулат.

Кинофестивалдын программасына ошондой эле Борбор Азия жана эл аралык сынактар, «Ретроспектива» программасынын тасмаларынын көрсөтүлүшү, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген кинорежиссерлордун жана маданият ишмерлеринин катышуусунда панелдик талкуулар каралган.

Борбор Азиялык сынактын программасына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын кинорежиссерлорунун 11 тасмасы коюлат.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулууда.

Белгилей кетсек, Бишкек эл аралык кинофестивалы биринчи жолу 2023-жылдын 17-21-ноябрында өтүп, Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган. Анын алкагында түрк киносунун жумалыгы, Айтматов илимий-практикалык форуму, Борбор Азия тасмаларынын бет ачары, эл аралык жана улуттук көркөм фильмдердин сынактары сыяктуу бир катар маданий иш-чаралар өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий