• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте экономика тармактарынын жана калктын күз-кыш мезгилине даярдыгы талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын жана калкты 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Штабдын жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраевдин отчету угулуп, энергетика тармагындагы абалга аналитикалык баяндама жасап, кыш мезгилинде калкты жана ишканаларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоодогу негизги көйгөйлөргө токтолду.

Энергетика министри 3,9 млрд кВт саат электр энергиясынын таңкыстыгын жана калктын электр энергиясын үнөмдүү эмес колдонуусуна байланыштуу авариялык өчүрүүлөрдүн кескин көбөйүшүн белгиледи, бул тармактын ашыкча жүктөлүшүнө жана аварияларга алып келген (2976 учур, бул өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн кыйла жогору).

Бишкек ЖЭБинин келе жаткан жылытуу мезгилинин даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Борбор калаанын вице-мэри Таалайбек Байгазиев жетиштүү көлөмдө көмүр сатып алуу боюнча маалымат берип, бирок негизги жабдууларды, анын ичинде от казандарды жана турбоагрегаттарды оңдоодогу көйгөйлөргө басым жасады.

Жыйындын жүрүшүндө аныкталган көйгөйлөрдү четтетүү боюнча чаралар каралып, жылуулук менен камсыздоо объектилерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өткөрүү боюнча президенттин жарлыгынын аткарылышы да талкууланды. Бакыт Төрөбаев бул жарлыктын толук аткарылбай жатканына көңүл буруп, өткөрүп берүүнү тездетүүнү тапшырды.

2024-жылдын февраль айында Бишкек Жылуулук электр борборундагы окуянын кайталанышына жол бербөөгө өзгөчө басым жасалды. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары мүмкүн болгон жарылууларды токтотуу системасын орнотууну тездетүү боюнча тапшырмаларды берди.

Жыйын соңунда энергетика тармагындагы абалды жакшыртуу жана кышка даярдыкты жогорулатуу боюнча сунуштар иштелип чыкты. Катышуучулар калкты жана экономика тармактарын ишенимдүү энергия менен камсыздоо үчүн бардык катышуучулардын макулдашылган аракеттеринин маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий