• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Бишкекте эл аралык бизнес-миссия өтүп жатат

Экономика 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргызстан менен Россиянын ишкер жана мамлекеттик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн эл аралык бизнес-миссиясы өтүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чараны министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов ачты.

Бул иш-чара эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын талкуулоо үчүн негизги аянтча болуп саналат.

"Эл аралык бизнес-миссия тажрыйба алмашууга жана кыргызстандык жана орусиялык жаш ишкерлердин ортосунда жаңы байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк бере", — деп белгиледи Чоро Сейитов.

4-сентябрда болгон иш-чарада катышуучулар кызматташтыкты талкуулап, Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн сунушташты жана В2В жолугушууларды өткөрүштү.

5-сентябрда иш-чаранын экинчи күнүндө өнөр жай объектилерине жана коворкинг-мейкиндиктерге баруу пландалган.

Бул иш-чара эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды бекемдейт жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Пикир

Оставить комментарий