• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкекте Эл аралык Борбор Азия жол конференциясы өттү

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Бишкекте III Эл аралык Борбор Азия жол конференциясы 2024 өттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эл аралык конференция Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин,Бишкек мэриясынын, "ИнДорТех" ЖЧШнын (ТОО) жана Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин колдоосу өтүүдө.

Иш-чаранын ачылышында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев сөз сүйлөп, конференциянын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Мындан сырткары, иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн жол тармагындагы тиешелүү жетекчилери, өкүлдөрү, жол битуму, битум эмульсиясы, асфальт-бетон, цемент-бетон өндүрүүчүлөр жана жол курууга керектүү кошулмаларды дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жеткирүүчүлөрү катышууда.

Ошондой эле конференцияга жол-курулуш техникаларын, машиналарды жана жабдууларды, лабораториялык жабдууларды жана жол-курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөөчү приборлорду өндүрүүчүлөр, жол-курулуш, оңдоо жана эксплуатациялоо уюмдарынын адистери, жол изилдөө, долбоорлоо-изилдөө уюмдары жана башка тармактык рыноктун катышуучулары, анын ичинде жол тармагындагы интеллектуалдык системалардын өндүрүүчүлөрү катышып, конференциясынын алкагында салттуу көргөзмө да уюштурулган.

Белгилей кетсек, бул "ИнДорТех" ЖЧКсы тарабынан уюштурулган үчүнчү конференция. Буга чейин мындай иш-чара Казакстан менен Өзбекстанда өткөрүлүп, ага 30дан ашык өлкөдөн жүздөгөн спикерлер жана делегаттар катышкан.

Пикир

Оставить комментарий