Бишкекте Эл аралык йога күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 10-Эл аралык йога күнүнө карата масштабдуу иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Шри Арун Кумар Чаттерджи катышты.

Йога күнүн майрамдоо Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеядагы массалык йога машыгуусу жана маданий программа менен коштолду.

Шаардыктар жана борбордун меймандары байыркы физикалык жана рухий практикага кошулушту. Алар тажрыйбалуу инструкторлордун жетекчилиги астында йога көнүгүүлөрүн жасашты.

Иш-чара Индиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын максаты - жарандарды сергек жашоого жана активдүү эс алууга тартуу.

Маалымат үчүн: Йога – дене менен рухтун биримдигин камтыган байыркы индиялык салт. Йога ден соолук жана жыргалчылык үчүн комплекстүү мамилени камсыз кылат жана азыр дүйнө жүзү боюнча популярдуу.

Пикир

Оставить комментарий