• 85.8
  • 93.01
  • 0.89

Бишкекте эл аралык KyrgyzTransLogistic-2024 көргөзмөсү өтүүдө – сүрөт

Экономика 0

Бишкек, 29.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн Бишкекте эл аралык транспорт жана логистика боюнча адистештирилген — KyrgyzTransLogistic 2024 көргөзмөсү өтүүдө.

Иш-чарага экономика жана коммерция министринин орун басары Назарабек Малаев, соода саясаты башкармалыгынын жетекчиси Азамат Мураталиев жана "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров катышууда.

Аталган көргөзмө Кыргызстандын Эл аралык транспорт ассоциациясынын колдоосу менен өтүп, өлкөдөгү логистикага, кампа жабдууларына жана коммерциялык транспортко арналган биринчи жана ири иш-чара.

Белгил ей кетсек, үч күндүк иш-чарада панелдик талкуу, логистика тармагындагы алдыңкы эксперттердин катышуусунда семинарлар өткөрүлөт.

Көргөзмө ишкерлер жана рыноктун катышуучулары үчүн профессионалдык байланыштарды өркүндөтүү, демилгелерди илгерилетүү, кичи жана ири бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө үчүн уникалдуу аянтчаны түзөт.

Ошондой эле ата мекендик жүк ташуучулар үчүн жаңы маршруттарды иштеп чыгуу темалары, электрондук коммерцияны өнүктүрүү перспективалары, Кыргызстандагы логистиканын санариптик чечимдери, пломбалар, тахографтар, жүк ташуулардын GPS мониторинги боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы каралат.

Пикир

Оставить комментарий