• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Бишкекте эл аралык санариптик форум өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Санарип 2024” форуму өтүүдө.

Ага Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов, Борбордук Азия университетинин ректору Кристофер Герри, Назарбаев университетинин коомдук саясат боюнча профессору Колин Нокс жана башка эл аралык уюмдар, элчилер жана мамлекеттик органдын өкүлдөрү катышууда.

Борбордук Азия Университети менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен уюштурулган форум, профессор саясатчылардын ортосунда кызматташууга жана билим алмашууга көмөктөшүүгө багытталган.

Борбордук Азия университетинин ректору Кристофер Герринин айтымында, санариптик форум 2024 кызматташууну илгерилетүү жана Борбордук Азиядагы санариптик мамлекеттик кызматтардын келечеги боюнча прогрессивдүү талкууларга көмөктөшүү максатын көздөйт.

“Форумдун жыйынтыгында мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө алдыңкы санариптик чечимдерди изилдөө жана ишке ашыруу үчүн аянтча боло турган санариптик саясат лабораториясы расмий түрдө ишке кирет. Санариптик форум 2024 кызматташууну илгерилетүү жана Борбордук Азиядагы санариптик мамлекеттик кызматтардын келечеги боюнча прогрессивдүү талкууларга көмөктөшүү максатын көздөйт”,-деди ал.

Форумдун максаты - Кыргызстандын министрлер кабинетинде жана бүтүндөй Борбордук Азияда санариптештирүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары тууралуу талкууга дем берүү.

Белгилей кетсек, форум дагы эки күнгө созулуп, жарандардын жашоо сапатын жогорулатууда жасалма интеллект, акылдуу шаарлар жана киберкоопсуздук темаларын камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий