• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Эл аралык тоо күнүнө арналган тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлиги БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Эл аралык тоо күнүнө арналган тегерек стол уюштурду. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве жана ФАОнун Тоо өнөктөштүн катчылыгынын жетекчиси Розалаура Ромео сөз сүйлөштү.

Иш-чарага ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, атап айтканда, Франциянын, Япониянын элчилери, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле Тоо өнөктөштүгүнө кирген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

КР президентинин атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер” боюнча доклад жасады. Ал өз сөзүндө кыргыз дипломаттарынын аракети менен 14-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер» жарыялаган резолюция кабыл алганын айтты. Бул демилге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго таандык жана БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебатында билдирилген.

Атайын өкүл экономика жана соода, илим, билим жана маданият, курчап турган чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктардын алдын алуу, ошондой эле бул аймактарда эл аралык кызматташуу жаатындагы тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган Кыргызстандын демилгелеринин комплексин жарыялады.

Иш-чаранын алкагында Тоо өнөктөштүгүнүн мүчөлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулду.

Тегерек стол КР президенти Садыр Жапаров тарабынан жарыяланган Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын, ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Кыргызстандын демилгеси менен жарыяланган тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын жыйынтыктоочу этабы болду.

Пикир

Оставить комментарий